НАТО альянсы Россия менен согушка ачык даярданып жатат, блоктун жетекчилери мындай жаңжал үч-беш жылдан кийин болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди. "Түндүк Атлантика альянсы биздин өлкө менен куралдуу жаңжалга ачык даярданып жатат, кагылышуу эң агрессивдүү блоктун жетекчилиги тарабынан үч-беш жылдан кийин болот …



